Menu

Бишкекте таксисттин унаасын айдап качкан жаш кыз 2 айга камалды

Бөлүшүү:

Бишкекте 23 жаштагы кыз таксинин акчасын төлөбөй, унаанын айдоочусу милиция чакыруу үчүн сыртка чыкканда, автоунааны айдап качып кеткен. Кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу Ленин РИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 16-март күнү билдирди.

Алардын айтымында, окуя 27-февралда болжол менен саат 23:20да болгон. 28-февраль күнү унаанын ээси милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз алдынча жеке таксист болуп иштерин айткан. Жүргүнчү кыз Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишине чейин барып, жол кирени төлөөдөн баш тарткан. Айдоочу милиция кызматкерлерин чакыруу үчүн сыртка чыкканда, жаш кыз “Мазда” үлгүсүндөгү автоунааны айдап качкан.

Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Уурдалган унаа “Ак-Ордо” конушунан табылган. Кылмышка шектүү 1997-жылы туулган Ж.Р. кармалды. Ленин райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, эки айга камакка алды.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: