КР ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан Түркиянын укук коргоо органдары жана Интерполдун суроо-талабы боюнча Түркияда жашы жете элек өспүрүмгө сексуалдык ыдык көрсөткөн Түркиянын жараны, 1984-жылы туулган А.С. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Изделип жаткан жаран Кыргызстандын аймагына 2018-жылы келген жана республиканын ЖОЖдун биринде кара жумуш менен алектенип жүргөн.
Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалган жаран тергөө абагына 1 айга киргизилди. Аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ