Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Өкмөтүнүн башчысына колдоо көрсөткөнү, коронавирусту аныктоо үчүн тест-системаларды бергенине ыраазчылык билдирди.

Тараптар жарандардын саламаттыгын сактоо үчүн кыйла натыйжалуу чараларды көрүү максатында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөштө бири бирин мындан ары  да колдоого жана зарыл болгон ыкчам маалыматтар менен алмашып турууга даярдык билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: