Menu

Ошто беткап өндүрүлө баштады

Бөлүшүү:

Ошто медициналык беткап өндүрүлө баштады, күнүнө 10 миң беткап чыгарылууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. 15-март күнү Ош шаарынын мэриясында болгон жыйында шаар мэри Таалайбек Сарыбашов медициналык беткаптар чыгарыла баштаганын айтып өткөн.

«Монополияга каршы кызматка дары-дармектерге, анын ичинде беткаптардын бааларын көзөмөлдөө боюнча тапшырма берилди. Ошто «Дастан-Юг» ишканасында медициналык беткаптар өндүрүлө баштады. Күнүнө 10 миң беткап чыгарылууда. Айына 400 миң беткап болот. Ал эми жылына дээрлик 10 миллионго жетет. Алардын чыгарган беткаптарынын сапаты бардык талаптарга жооп берет. Башка тигүүчү ишканалар да медициналык беткаптарды чыгарууга сунуштарын айтып жатышат», — деди ал.

Чогулушта базардагы жана дүкөндөрдөгү ундун баасынын жогорулашы каралган.

Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жанболот Айбашов ун жана башка азык-түлүктүн баалары тууралуу маалымат берген.

Булак: “Мантыш”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: