Түркияда коронавирустан каза тапкан биринчи учур катталды. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар бүгүн, 18-мартта жазып чыкты.
Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Фахреттин Коджанын айтымы боюнча, коронавирус инфекциясынан улам 89 жаштагы карыя каза болгон. Министр каза болгон адам Кытайдан келген кызматкер менен байланышта болгонун белгилеген.
Муну менен катар министр Түркияда коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны 98ге жеткенин айткан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ