Бишкекте сутка ичинде 177 бейтап Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылышкан. Бул тууралуу 17-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда кайрылган бейтаптардын 83ү жаш балдар. Алар текшерүүдөн өткөндөн кийин 36 адам ооруканага жаткырылган.
Курс мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 41 адам кайрылган. Алардын ичинен 6 адам ооруканага жаткырылып, 35 жаранга амбулатордук жардам берилген. Андан сырткары курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 22 адам кайрылган. Алардан 9 адам бейтапканага жаткырылып, 13 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ