Кыргызстандын АКШ жана Канададагы Элчилиги АКШнын Калифорния штатынын жээгинде карантинге кармалган «Grand Princess» круиздик кеменин бортунда жүргөн Кыргызстандын эки жаран коронавирус табылган жок. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 18-мартта билдирди.
Алардын айтымында, 13-мартта Кыргызстандын эки жараны АКШнын Джорджия штатында жайгашкан карантиндик борборго көчүрүлгөн.
Бир нече өткөрүлгөн тесттердин натыйжасында, карантиндик борборунун медициналык кызматкерлери Кыргызстандын жарандарында коронавирус оорусу жок экендигин ырастады.
Алдын ала маалыматтар ылайык, Кыргызстандын эки жараны 14-күндүк карантинди өткөндөн кийин карантиндик борбордон үйлөрүнө кеткенге мүмкүнчүлүк болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ