Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда медициналык бет кап чыгарыла баштаганын, күнүгө 70 миңден ашуун тигилип жатканын бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Бет кап жетишпей жатканын моюнга алабыз. Алар Кытайдан чыгат экен. Учурда Ош шаарында жана Бишкекте ишкерлерибиз 70 миңден ашык бет кап өндүрүп жатышат”, – деди өкмөт башчы.
Абылгазиев коомчулук дүрбөлөңгө түшкөн кезде 3,5 миллион бет кап үч күндүн ичинде түгөнүп калганын кошумчалады.
“Ортодо кызыл кулактык кылып миллиондогон бет каптарды башка өлкөлөргө сатуу аракетин көрүштү. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы 1,5 миллион бет капты таап чыкты. Алар аны башка мамлекеттерге же болбосо кымбаттаганда сатабыз деп катып коюшкан”, – деди премьер-министр.
Учурда дарыканаларда бет кап жок калганы жана кымбат сатылып жатканы социалдык тармактарда жазылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ