Menu

Саудияга барып, таажывирусту жуктуруп алган жарандын аялынан илдеттин вирусу табылган жок

Бөлүшүү:

Сауд Арабиядан келген 144 адамдан өздүгү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта ЖКнын жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымы боюнча, алар 3-категориядагы өлкөдөн келишкен. (1-категориягы мамлекеттен келгендер дароо обсервация жатат, 2-категориядагы мамлкеттен келгендер 14 күнгө үй карантинине алынып, эч жакка чыкпайт, 3-категорияга оору жайылбаган мамлекеттер кирет). Алар үйүнөн дарыгерлердин көзөмөлүндө болушкан. Дарыгерлер бейтаптардын дене табын текшерип, кимдики жогору болсо, ооруканага жаткырышкан.

“Адегенде 2 адамдан, кийин 1 кишиден тастыкталды. Дагы бир маселе, илдетти жуктуруп алган киши бар, жанында умрага чогуу барган аялында жок болуп чыкты. Нарындан дагы умрадан бир адам барган экен, анализи таза чыкты.  Баткенден 144 жараныбызды тактадык, эми алар менен байланышкан адамдарддын тизмесин түзүп жатабыз. Мен ойлойм алар деле аз болбойт. Бирок, дарыгерлердин айтуусу боюнча, инфекция бардыгына эле жукпайт.  Иммунитет жогору болсо, чогуу жашап жүргөн аялына жукпагандан кийин, барына эле таркап кеткен жок деген жакшы оюбуз болуп жатат” – деди премьер-министр.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: