Menu

Таажывирусту аныктаган тесттерди сатыкка чыгарып, ар бир жаран өзүн текшерсе болобу? – Министрдин жообу

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Рада Туманбаева “Таажывирусту табуу боюнча тесттерди дарыканаларга сатууга чыгарып, ар бир жаран өзүн-өзү текшерсе болобу” деген суроону Саламаттыкты сактоо министрине узатты.

“Андай болбойт. Вирусологиялык лаборатория атайын тастыкталып, эл аралык деңгээлде көзөмөлдө турат. Ошондуктан мындай тесттер мамлекеттик гана лабораторияларда жасалат. Эгерде кандайдыр бир кооптонуу болуп, же бүдөмүк болсо, биздин медициналык уюмдарга кайрылат. Андан анализ алып, бардыгын тастыктап беребиз” – деди министр Космосбек Чолпонбеав.

Ал ошондой эле, таажывируска анализ тапшыра тургандар үчүн ыкчам байланыш кызматы ачыла турганын белгиледи.

“Умрага барып келдим же умрага барып келген адам менен учураштым” десе атайын “100” деген ыкчам байланыш кызматы түзүп жатабыз. Ал биздин штаб менен байланыштырат да, чалган кишиге толук кандуу консультация беришет. Сурамжылоонун атайын алгоритми бар. Ал жооптордон кийин, алар “сизде коркунуч жок”, же кандайдыр бир кооптуу болсо, “бул жерге барасыз”, “үйүңүздө болуп туруңуз, дарыгерлер барып анализ алат” ж.б. деп айтышат.

“Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлде гана жасалчу нерсе. Бир анализ 5-6 сатта жасалат. Аны атайын даярдалган, тажрыйбалуу вирусологдор, лаборанттар алат” – деп баса белгиледи министр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: