Menu

Коронавирус планетанын 20 пайыз жашоочуларына жугабы?

Бөлүшүү:

Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча адиси Елена Малиникованын айтымында, бул вирус 1965-жылдан бери белгилүү. Бирок, андан бери чоң өзгөрүүгө учурады.

Ошол эле учурда коронавирустун мутациясы дарыларды колдонууга байланыштуу эмес. Оорудан  айыгып чыккандарда туруктуу иммунитет болбойт, ошондуктан, бейтап кайра эле ооруп калышы мүмкүн. Коронавирус ОРВИге окшош болгону менен ал кыйла оор формада өтөт.

Ал эми Австралиянын улуттук университетинин окумуштууларынын пессимисттик прогнозу боюнча, 2020-жылы эле бул илдетке 15 миллиондой киши чалдыгышы мүмкүн. Дүйнөлүк экономика 2 трлн. доллар чыгым тартышы ыктымал. Алар мындай божомолду айтууда 60-жылдардын аягында 1 миллионго жакын өмүрдү алган «Гонконг гриппи» боюнча маалыматтарга таянышкан.

Адистер окуялардын мындан аркы уланышы боюнча жети вариантты айтышат. Алардын үчөө боюнча, эпидемия Кытайда көпкө созулат, бирок, бул вариант талаштуу. Себеби, илдет Италияда, Иранда, Түштүк Кореяда жана Японияда да күч алып жатат.

Гарварддык эпидемиолог Макс Липсич да австралиялык кесиптештеринин пикирине кошулуп, бул илдет планетанын жашоочуларынын 20-60 пайызына жугушу мүмкүндүгүн божомолдойт. Кытайлык көрүнүктүү эпидемиолог Чжун Наныпань 10 мартта коронавирустун дүйнө боюнча жайылышы 2020-жылдын июнь айынын этегине чейин созулушу мүмкүн экенин билдирди. Ошондуктан, окумуштуу Пекин чек араларда санитардык көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш экенин билдирген.

Бирок, кытайлык да, россиялык да, же америкалык да окумуштуулардын эч кимиси коронавирустун эпидемиясы качан токтоорун так айта алышкан жок. Себеби, кырдаалдын мындан ары кандай өнүгүүсү бир топ моменттерге байланыштуу. Көп нерсе ва-цина канчалык тез даярдалганына байланыштуу болот. Азырынча вакцина жок, бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, ал эң азы 18 айда даяр болот. Эгер дары бат даярдалып, муктаж болгон өлкөлөргө тийип калса, ооруну 2-4 айда жойсо болот. А эгер жогоруда айтылгандай, 18 айга созулуп кетчү болсо, анда оору жуктургандардын саны бир топ көбөйүп, профессионал врачтар жетишпеген үчүнчү дүйнөнүн өлкөлөрүнө кыйын эле болот. Дмитрий Ивановский атындагы вирусология илим изилдөө институтунун профессору Михаил Шелканов оорунун күчөгөнүн көзөмөлгө алса болорун айтат. Анын пикири боюнча, оорудан өлгөндөрдүн саны 2-3 пайыздын деңгээлинде сакталат, бул анчалык көп эмес.

(Интернет булактардан)

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: