Menu

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров «Кызыл-Кыя – автожол», «Кадамжай-автожол», «Кызыл-Бел – автожол» көзөмөл-өткөрүү жайларын текшерди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Баткен облусундагы «Кызыл-Кыя – автожол», «Кадамжай-автожол», «Кызыл-Бел – автожол» көзөмөл-өткөрүү жайларын текшерди.

Вице-премьер-министр чек ара, фитосанитардык, ветеринардык санитардык-эпидемиологиялык, медициналык кызматтардын жүргүзүп жаткан иши менен таанышып, анда маселелер жана милдеттер талкууланды.

Акрам Мадумаров санитардык-контролдук пункттарды көрүп, чет өлкөлөрдөн келип жаткан мекендештерге медициналык кароо иш-чараларын өткөрүүчү тиешелүү кызматтардын ишин текшерди.

Андан соң вице-премьер-министрдин төрагалыгы алдында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана ага жол бербөө боюнча кабыл алынган чараларды талкуулаган облустук штабдын жыйыны болду.

Вице-премьер-министр коопсуздукту камсыз кылуу жана ден соолукту сактоо боюнча коюлган тапшырмаларды сапаттуу жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, тармактык мекемелерге жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берди.

Акрам Мадумаров жугуштуу илдеттердин алдын алуу жана өздүк гигиена эрежелери боюнча, ошондой эле эл көп топтолгон жерге барбай туруу, үй-бүлөлүк, маданий жана башка иш-чараларды өткөрбөй туруу боюнча Өкмөттүн жана Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштары жана талаптары жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин натыйжалуу жана сапаттуу жүргүзүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 19-мартынан тарта чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыю салынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: