Menu

Фото – Бишкекте митингичилерге тиешеси бар делген курал-жарактардын катылган ири партиясы кармалды

Бөлүшүү:

Республиканын аймагында коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле, кылмыштуулук менен укук бузууларды алдын алуу максатында ички иштер органдарынын кызматкерлери эскертүү, алдын алуу жана башка иш-чараларын жүргүзүп келет.
2020-жылдын 16-март күнү Бишкек шаарындагы 7-апрель көчөсүнөн шаар тургуну эки европа улутундагы адамды жана өспүрүмдү көрүп, биринен ок атуучу куралды байкап калгандыгын ички иштер органдарына телефон аркылуу кабарлаган. Окуя болгон жерге тез арада милиция кызматкерлери келип, 2006-жылы туулган Л. К. аттуу өспүрүмдү кармашкан. Кармалган өспүрүм милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен 1 даана бычак жана 4 даана 12-калибрдагы ок-дарыларды өткөрүп берген.
16-март күнү аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республшикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмүнүн (курал, ок-дарыларды мыйзамсыз жүргүртүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы фактыга шектүү катары Р.Д. жана агасы Я.М. аттуулар кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен.
Ошондой эле, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө такталган маалыматка ылайык маалым болгон эки дарекке кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, натыйжасында 1 даана 7,62- калибрдагы “Сайга” автоматы, 3 даана РПГ-18 куралы, 3 даана граната (жардыруучу каражат), 1 даана винчестер, 5,45-калибрдагы 248 дана ок жана 1 даана 12-калибрдагы ок, 9 мм болгон 85 даана ок, 10 мм болгон 171 даана ок, 7,62 мм болгон 700 даана ок, 22 кылыч, 72 бычак, кара түстөгү 2 даана бет кап, автоматтын бир даана дикөнчөсү табылган. Андан сырткары аталган даректен 19 ширенкенин кутучасына салынган 360 грамм “гашиш” баңгизаты менен 1 килограмм 910 грамм салмактагы “марихуана” баңгизаты табылып алынган.
Учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматтарынын жана Тергөө кызматтарынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы мыйзамсыз жүгүртүлгөн курал-жарактар менен ок-дарыларга тиешеси уюшкан кылмыштуу топтордун, 2019-жылы август айында болгон массалык баш аламандыктарды уюштурган жарандарга жана алардын колдоочуларына ошондой эле 2020-жылдын март айында бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган, массалык баш аламандыктарды уюштурган адамдардын жана алардын тарапташтарынын тиешеси бар экендиги боюнча иликтөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

   

 

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: