Menu

Таажывирусту жуктуруп алган Ноокат районунун тургундарынын абалы айтылды

Бөлүшүү:

Таажывирусту жуктуруп алган Ош облусундагы Ноокат районунун 3 тургунунун абалы канаттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 20-мартта онлайн пресс-конференцияда билдирди.

Анын айтымында, алардан таажывирустун клиникалык белгилери жок.

“Аларда инфекциянын клиникалык белгилери жок. Лабораториялык иликтөөдө алардан таажывирус аныкталган. Алар изоляторго жаткырылган. Биз алгоритмге ылайык иш алып барып, аларды дарылап жатабыз” – деди министр.

Анын айтымында, алардын дене табы бир көтөрүлүп, бир түшүп жатат. Министр алардын абалынын видеотасмасын көргөнүн айтып, бардыгы сүйлөп жатканын, бир аз психологиялык жактан жабыркаганын кошумчалады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: