Menu

ИИМ жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коронавирус жуктуруп алуу боюнча жалган жана чагымчыл маалыматтарды тараткандарды аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жалган маалыматтарды таратуудан карманууга чакырат.

Ошондой эле, азыркы учурда социалдык тармактарда белгисиз адамдар үйлөрдү дезинфекциялоо шылтоосу менен кирип, уктатоочу каражаттарды сээп кылмыш жасап жаткандыгы жөнүндө маалыматтар тароодо. Аталган маалымат чындыкка дал келбейт.
Андан сырткары, жалган маалымат тараткандарга карата катуу чаралар көрүлөөрүн белгилейбиз.
Расмий маалыматтар ыкчам штаб аркылуу убагы менен таратылат. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертебиз.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: