Menu

Кувейттен Ошко учуп келе жатып, таажывирусту жуктуруп алган ноокаттыктар менен бирге 282 адам учуп келген

Бөлүшүү:

Кувейттен Ошко учуп келе жатып таажывирусту жугузуп алган Ноокат районунун тургундары менен чогуу 282 адам учуп келген.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-март күнү билдирди.

Алардын айтымы боюнча, жарандар 12-мартта Джида – Ош каттамы менен учуп келишкен. Таажывируска чалдыккан 3 аял – 67, 71 жана 77 жашта.

Ошондой эле, министрлик алар менен байланышта болгон бардык адамдарын өздүгүн такташ үчүн иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Ноокат районунун 3 тургунунан таажывирус аныкталганын Космосбек Чолпонбеав бүгүн, 20-мартта онлайн-маалымат жыйынында билдирген. Алар дагы умрадан келишкен. Азыркы учурда Кыргызстанда таажывирусту жуктуруп алгандардын саны – 6.  Сузак  районунан – 3, Ноокат районунан – 3 адам.  Обсервацияда – 410.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: