Menu

Кыргызстан менен Ирандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү. Эмнени талкуулашты?

Бөлүшүү:

Кечээ, 20-мартта Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Джавад Зариф менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Ч.Айдарбеков өзүнүн ирандык кесиптешин Нооруз майрамы менен куттуктады жана учурда иран элинин башынан өтүп жаткан, эң оболу, өлкөдөгү коронавирус эпидемиясына каршы күрөштөгү бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгууну каалады.

Коронавирустун чыгышына байланыштуу Кыргызстандын жүк ташуучу автомашиналарынын айдоочуларынын көйгөйлөрүн чечүүдө иран тарабынын жардамын жогору баалап, министр Ч.Айдарбеков министр Дж.Зарифге ыраазычылыгын билдирди, ошондой эле Иранда калган, жакын арада Ирандан чыгууну ниет кылган айрым Кыргызстандын жүк ташуучу автомашиналарынын айдоочуларына да көмөк көрсөтүүсүн өтүндү.

Ирандын тышкы иштер министри Дж. Зариф колдоо көрсөтүлгөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди жана эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде, коронавирус глобалдуу пандемиясына каршы бирдиктүү күрөштө кызматташтыкты өнүктүрүүгө иран тарабынын даярдыгын тастыктады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: