Menu

Италияда бир күндө таажывирустун кесепетинен 627 адам көз жумду

Бөлүшүү:

Италияда бир күндө таажывирустун кесепетинен 627 адам каза болду. Бул тууралуу Италиянын басма сөз кызматкерлери жазып чыгышты.

Бул бир күндө каза болгон адамдардын эң жогорку көрсөткүчү.

Кечээ, 19-мартта бул өлкөдө таажывирустан 427 адам көз жумган. Ал эми каза болгондордун жалпы саны 4032 адамга жетти. Италия каза болгон адамдардын саны боюнча Кытайдан ашты.

Италияда вирусту жалпы 47 021 адам жуктуруп алган.

Кытай таажывирус боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө бир топ эксперттерин Италияга жөнөткөн. Алардын бири Ломбардия регионунда вируска каршы көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз деп айтканын «South China morning post» басылмасы жазган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: