Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 21-мартта, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңеши өтүп жатат. Бул тууралуу президетинин аппартынын басма сөз кызматы билдирди.
Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылып кетишине жол бербөө жана атамекендик экономика үчүн терс кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар каралып жатат.
Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус менен күрөшүүгө багытталган Коопсуздук кеңешинин мурдагы чечимдерин ишке ашыруу жана көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалыматтары угулууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ