Menu

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин казак-орус чек арасында чогулган кыргыз жарандары боюнча билдирүүсү

Бөлүшүү:

Россия-казакстан мамлекеттик чек арасында чогулган КРнын жарандарына байланыштуу кырдаал боюнча Элчилик төмөндөгүлөрдү билдирет.

Казакстан Республикасында 16-марттан баштап коронавирустук инфекцияга байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилип, россия-казакстан мамлекеттик чек арасынан автоунаа менен өтүүгө тыюу салынган.

17-мартта Оренбург шаарындагы КРнын Ардактуу консулу «Сагарчын» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктуна барып, россия жана казакстан тарабынан чек аралардын жабылышы тууралуу ошол жердеги КРнын жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, РФнын аймагына кайтып, чектөө киргизилген мезгил аягына чыкканга чейин күтүү же авиакаттамдар токтотулбай, жүрүп турган мезгилде авиа байланыш аркылуу Кыргызстанга кайтуу сунуштарын киргизген.

Ошондой эле Бишкекти карай жөнөөчү темир жол курамы менен Бишкекке чейин билеттин жарым акчасына КРнын жарандарын алып кетүү тууралуу келишим түзүлүп, күтүп жаткан жарандардын 30га жакыны  аталган поездге отуруп кетишкен, ал эми калгандары Кыргызстан менен авиабайланышы бар Россиянын шаарларына авиакаттамдар аркылуу кетүү үчүн багыт алышкан.

Азыркы кезде Элчилик, Оренбург шаарындагы Ардактуу Консулдук жана кыргыз диаспорасынын күчү менен жарандарга тамак-аш жана  алар менен иш алып баруу боюнча дежурлук уюштурулууда. Жеринде  КРнын РФдагы Элчилигинин Консулу жана Оренбург шаарындагы КРнын Ардактуу Консулу иштеп жатышат. 2020-жылдын 19-мартындагы маалымат боюнча ал жерде 157 КРнын жараны бар.

Россия-казакстан мамлекеттик чек арасынын жабылгандыгына байланыштуу Элчилик Россиядагы Кыргызстандык жарандарга Казакстан Республикасы аркылуу Кыргыз Республикасына автоунаа менен келүү максатында россия-казакстан чек арасы тарапка баруудан баш тартууну сунуштайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: