Menu

Видео – Нурболот Мирзахмедов, Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү: Оорулуулар качкан жок, дарыгерлер иштеп жатат. Жалган маалымат тараткандар жооп берет

Бөлүшүү:

Соцтармактарда, вотсап группаларда Жалал-Абад дубанындагы коронавируска байланышкан жалган маалымат тараткандарга ишенбеңиздер. Жалал-Абад облусттук ооруканадагы илдетке кабылгандар, обсервацияга алынгандар качкан жок, дарыгерлерде иш таштоо болгон эмес. Мындай пикирди Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.
Айтымында, күмөндүүлөр, илдетке кабылгандар менен байланышта болгондордун баары дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Дарыгерлер калк саламаттыгы үчүн өздөрүнүн күжүрмөндүгүн көрсөтүп жатат.
-Үйүндө олтуруп алып, элди удургутуп маалымат тараткандарга ишенбөөгө чакырам. Алар мыйзам чегинде жооп берет. Баса белгилеп кетейин, жалган маалымат тараткандар жооп берип каласыздар. Андыктан, ар кандай маалыматтарды тарата берүүдөн алыс болуңуздар. Урматтуу калайык калк сиздер маалымат каражаттарына ишениңиздер. Биз маалыматты ММК өкүлдөрүнө берип жатабыз-деди ыйгарымдуу өкүл.
Жалал-Абад областтык биргелешкен оорукана жетекчиси Кумарбек Ботокараев ар кандай ушак сөз, айың кеп менен дарыгерлердин ишине тоскоолдук жаратпоого чакырды.
-Биздин оорукананын кызматкерлери штатык режимде толук иштеди. Коронавируска күмөндөлүп түшкөн оорулууларды караган инфекциялык бөлүмдүн кызматкерлери, дарыгерлери ичкериде иштеп жатышат. Маанайлары жакшы. Бүгүнкү күнгө чейин санитарка же медсестрадан “мен кетемин” деп арыз жазган кызматкер болгон жок. Эч кандай бейтаптар арасында качуу деген нерсе орун албады. Биз элге кайрылып кетээрим, дүрбөлөң салып, дарыгерлердин ишине тоскоолдук жаратпагыла. Калк үчүн иштеп жаткан дарыгерлердин көңүлүн бөлбөңүздөр-деди К. Ботокараев.
Жалал-Абад ОИИБ тарабынан да бул багытта жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрү эскертилип, тиешелүү иштер жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: