Бүгүн, 22-мартта Ысык-Көл облусуна кире бериш жерде -Балыкчыда таажывируска байланыштуу өзгөчө кырдаалдын алкагында тосмо-бекет коюлуп, Бишкектиктерди Ысык-Көлгө киргизбей, ал эми көлдүктөрдү Бишкекти көздөй чыгарбай жатышат. Бул тууралу окуянын күбөсү Азамат Солто билдирүүдө.
Бишкекте жашай тургандыгыңды далилдеген документ көрсөтсөң гана Бишкекке коюп жиберишет. Ошондой эле көлдө катталган тургундарды гана Ысык-Көлгө киргизип жатышат. Башка облустардан келгендерди дегеле жолотушпай жатышыптыр. Атүгүл той-ашка, жамандык болуп бата келгендер да киргизилбейт экен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ