Menu

Өкмөт: Жүк ташуучулардын маселеси чечилип, алар мекенине кайтып келе жатышат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынан чыккан жүк ташуучулардын маселеси чечилип, алар мекенине кайтып келе жатышат. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кеп Азербайжан Республикасы жана Түркмөнстан өз чек арасын жапкандыгына байланыштуу Иран Ислам Республикасынын аймагында калып калган 60 жүк ташуучу унаанын айдоочусу тууралуу болуп жатат.

Учурда 60 айдоочунун ичинен 21и Россия Федерациясынын аймагында турушат жана россия-казак чек арасы тарапка, «Караозек» көзөмөл-өткөрмө жайына жөнөшүүдө. 10 унаа Азербайжан Республикасынын Россия Федерациясы менен чек арасындагы «Самур» көзөмөл-өткөрмө жайынан өтүү үчүн күтүп турушат. 25 унаа Казакстан Республикасы аркылуу Кыргыз Республикасына келе жатышат. Дагы бир айдоочу Казакстан Республикасынын Россия Федерациясы менен чек арасынан өткөндөн кийин карантинге алынды, анткени ал Казакстан Республикасынын жараны болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул маселе өзгөчө көзөмөлдө, ал эми айдоочулар менен үзгүлтүксүз байланыш бар экендигин эскертти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: