Menu

Өкмөттө бизнеске жана экономикага жардам берүү максатында антикризистик план иштелип жатат

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө бизнеске жана экономикага жардам берүү максатында өзгөчө антикризистик план иштелип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымы боюнча, план иштелип жатканда бизнес чөйрөсүнөн келип түшкөн сунуштар эске алынып, ошондой эле көз карандысыз эксперттер дагы чакырылган.

“Улуттук банк тарабынан насыя боюнча айып пулдар алынбасын деген чечим кабыл алынды. Насыялар жана алардын пайыздарынын мөөнөттөрүн эң эле аз дегенде 3 айга узартуу боюнча коммерциялык банктарга сунуштама берилген. Ошондой эле салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү узарталды. Жалпы эле мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүн дагы 1 жылга узартуу маселеси каралып жатат. Жалпысынан, салык боюнча дагы башка жеңилдетүүлөр иштелип жатат” – деди Эркин Асрандиев.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: