Кыргызстанда 2019-жылдын тогуз айында экспорт 1965,5 млн АКШ долларын түзүп, 7,0% көбөйгөн, ал эми импорт 4903,8 млн. АКШ долларын түзүп 7,3% азайган. Соода балансынын терс сальдосу 15% га азайган, бул экспортту көбөйтүү жана импортту азайтуу аркылуу соода балансынын жакшыргандыгын күбөлөндүрөт. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Өлкөдө импорттолгон товарлардын ордун алмаштыруу байкалууда, бул өзгөчө төмөнкү товарлардын түрлөрүнө карата: текстиль өнөр жайы (импорт 9,7 % кыскарган, экспорт 36,4 % өскөн, өндүрүү 15,7 % өскөн), териден жасалган буюмдар (импорт 2,1 эсеге кыскарган, өндүрүү 20,8 % өскөн), цемент (импорт 2,3 % кыскарган, экспорт 23,3 % өскөн, өндүрүү 3,9 % өскөн).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ