Бүгүн, 23-мартта Бишкектеги Октябрь райондук акимчилиги таажывируска байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Алар унаа менен шаар ичин кыдырып, тургундарды сак болууга, көчөгө чыкпоого чакырат.
“Урматтуу шаардыктар, сак болуңуздар! Зарыл иш болбосо, көчөгө чыкпаңыздар. Тазалыкты сактаңыздар. Антисептик колдонуп, колду самын менен жууганды унутпаңыздар. Ардактуу ата-энелер, өтүнүч балдарды соода борборлоруна, компьютердик клубдарга жибербеңиздер. Убактылуу той-аш жана башка иш-чараларга барбаңыздар. Жоопкерчилик жана тартип бизге жардам берет” – деп тургундарга карылууда.
https://www.facebook.com/orabishkek/videos/801975286957002/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ