Menu

Ахматбек Келдибеков Аида Салянованын сиңдисин “Акмакбек тойбогон топоз, иттерден сөөк талашып жейт, пенсияларды, бюджетти жеп чириген бай” дегени үчүн 5 млн сомго сотко берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-мартта белгилүү маалымат агенттиктердин бири “Ахматбек Келдибеков Аида Салянованын сиңдисин сотко берди” аттуу маалымат жарыялады. Анда Келдибеков Чынара Турдалиева аттуу жаранды ал тууралу фейсбукта кыска пост жарыялаганы үчүн  Бишкектин Октябрь райондук сотуна берип, 5 млн сом өндүрүп берүүнү талап кылып жаткандыгы айтылган.

Көрсө февраль айында Ахматбек Келдибеков “Супер.кж” порталына интервью берип, жаңы тарыхта “мародер партия” атка конгон “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди сындаган экен:

“Куудул Тынар Курбаналиевдин коюп жаткан интермедиясы мага жакты. 119 кой бар, теке жок деп айтпадыбы. Бул Текебаев кайсы жерге сүйкөнөрүн билбей жатат. Ал саясий чайкоочулук кылып, бир нерсени сүйлөп койсом ишим чечилет деп ойлоп жатат. Мыйзам бардыгына бирдей. Ошон үчүн бүгүнкү күндө ал бир туруп президент экономикалык иштерди өзүнө алды деп, кайра өкмөт чабал деп жатат. Ошонун бардыгын чабал кылган бул Текебаев. Ал мыйзамды жазып жатканда туура кылышы керек эле. Президентти бүгүн жалпы кыргыз эли шайлагандан кийин экономикалык, социалдык жана башка Кыргыз мамлекетинде болуп жаткан иштердин бардыгына жооптуу. Ошон үчүн менин оюмча, бүгүнкү күндөгү президент менен өкмөттүн иш алып барып жатканы Текебаевге окшогон кишилерге жакпайт. Андай кишилерге эч нерсе жакпайт. Эч нерсе жагып дагы көргөн эмес”, – дейт Келдибеков.

Интервьюдан бул үзүндүнү “Элдик медиа” сайты “Келдибеков: Бул Текебаев кайсы жерге сүйкөнөрүн билбей жатат” деген ат менен жарыялайт.

Аида Салянованын алысыраак эле сиңдилеринин бири Чынара Турдалиева интервьюнун бул үзүндүсүн Фейсбуктагы баракчасына 26-февралда алып чыгып, төмөнкүдөй комментарий менен кошо жарыялайт:

“Раим уулу Акмакбектен сураганды унутуп калган турбайбызбы. Бул тойбогон топоз Тиматинин гамбургерин да жейт, тамак калбай калгансып иттерден сөөк талашып жейт, а эң негизги пенсионерлердин акчасы жана бюджетти жееп чириген байга айланган.”

Анан ал посттун алдына Ахматбек Келдибековдун дарегине ачуу комментарийлер жаайт:

Чынгыз Торокулов:  “Келдибеков келген президенттердин кочугун жалап журуп,сот жообуна тартылбай, элден жеген миллиондогон акчаларын сотторго берип койуп кутулуп жургон мошенник!”

Джамиля Бейшенбаева: Ушунун созун,кайсы-акылы бар адам,угат!!! Аферист,бийликтин кошоматчы!!!

Нурбек Абдылдабеков: Көттү кыс, Текебаевти жамынып өзүңдү пиярлаба. Эркек бол! Келдибеков.

Асылбек Осмоналиев: Келдибеков лицо Кыргызской коррупции….

Буга чыдабаган Ахматбек Келдибеков Чынара Турдалиеваны сотко берип, ар-намысыма шек келтирди деп 5 миллион сомго доомат арткан. Бирок Чынара Турдалиева да өз сөзүнөн кайтпай соттошом, далилдейм деп ММКларга комментарий берип, фейсбуктагы 26-февралдагы постун Келдибеков сотко бергенден кийин да албай көшөрүп турат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Ахматбек Келдибеков Кыргызстандагы журналисттердин үстүнөн эң көп арызданган “мени коррупционер дешти” деп эң көп ызаланып, таарынган ызакор экс-чиновниктердин бири.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: