Menu

Бишкек шаарында 12 блокпост коюлду

Бөлүшүү:
Бишкек шаарына 12 блокпост коюлуп, анда күнү-түнү медицина кызматкерлери, куткаруучулар жана укук коргоочулар нөөмөттө турушат. Бул тууралуу кечээ, 23-мартта Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мындан ары санитардык посттор аркылуу борбор калаанын аймагына кирүүдө же шаардын аймагынан чыгууда жарандын ден соолугу, келүү же кетүү максаты текшерилет.
Санитардык посттор:
Фучик көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишинде;
Жаш Гвардия бульвары менен Саадаев көчөсүнүн кесилишинде;
Тоголок Молдо менен Саадаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
Курманжан Датка көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишинде;
Жибек Жолу кең көчөсү менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишинде;
Салиева менен Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде;
Ауэзов менен Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде;
7-апрель көчөсүндө (панорамага бурулган жерде);
Кожобергенов менен Жеңиштин 50 жылдыгы көчөлөрүнүн кесилишинде;
Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде;
Муромск менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде;
Кожобергенов жана Семетей көчөлөрүнүн кесилишинде.
Ал эми азык-түлүк, тамак-аш продуктуларын ташуучуларга өткөрмө жай каралат.
Эгерде сизде шаардагы эпидемиологиялык абал боюнча суроолор жаралса 0312 62-58-13, 0555839379 номерлерине байланышып же шаардык штабдын WhatsApp номерине 0705 025 010 билдирүү жөнөтүңүз. Ошондой эле ыкчам байланыш аркылуу маалымат алуу номери: 0555 920241.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: