Menu

Видео – Жанар Акаев тейлөө кызматында иштеген 500 миң адамга 5 миң сомдон жөлөк пул берүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын болуп, анда депутат Жанар Акаев тейлөө кызматында иштеген 500 миң адамга 5 миң сомдон жөлөк пул берүүнү сунуштады.

Азыркы учурда көптөгөгөн жарандар коронавирус илдетинин айынан үйүндө иштебей отурушат.

“Мындай кырдаалда бир муштумдай болуп ынтымакта иштешибиз керек. Бирок ошол эле учурда 15-апрелге чейин дагы бир чоогулуп, өкмөт документ алып келип берсе кабыл алып беришибиз керек. Анткени бизде тейлөө кызматында иштеп, күнүмдүк оокат кылып жаткандарда азык-түлүк жок азыр. Казакстанда 1 миллион адамга жөлөк пул берип жатат. Биздин өкмөт дагы азыр ушундайда 500 миң жаранга 5 миң сомдон болсо да жөлөк пул колдоо катары берүү керек. Экинчиден Кыргызстандагы 100 миңдеген батирди ижарага алып жашаган адамдар бар. Аларды кожоюндары чыгарып салса кайсы жака барып жашашат. Акча которулуп жатат. Ошол каражаттын бир сому да коротула элек деп кармалып жатат. Медициналык кызматкерлердин атайын костюмдары жок. Топтолгон каражатты кармап отурбаш керек. Кытай менен сүйлөшөлү, жардам сурайлы ачык эле. Врачтарга костюмдарды алып келип берелик. Бүт өнүккөн өлкөлөрдөн вирустан кантип сактанган ыкмаларын эле колдонуп, биз бул кырдаалдан чыгып кетебиз”,- деди Акаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: