Menu

ЖАМКнын бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аймагында коронавирусту алдын алуу жана анын таралышына бөгөт коюу боюнча маалымат

Бөлүшүү:

ЖАМКнын төрагасынын 2020-жылдын 16-мартындагы Тескемесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдында ЖАМКнын ведомствого караштуу бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аймагында коронавирусту алдын алуу жана анын таралышына бөгөт коюу боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирет.

ЖАМКнын Ыкчам штабы тарабынан коронавирусту алдын алуу жана анын
таралышына бөгөт коюу боюнча иш-чаралар планы, инфекцияны алдын алуунун толук алгоритми иштелип чыгып, таратылды жана ошондой эле кызматкерлер жана атайын контингент арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Төмөнкүлөргө тыюу салынды:
– ЖАМКнын Борбордук аппаратында, түзүмдүк жана ведомствого караштуу
бөлүктөрүндө маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө;

– кызматтык иш-сапарларга чыгууларга(ЖАМКнын жетекчилигинин жазуу
жүзүндөгү уруксаты менен өзгөчө учурлардан тышкары);

– ЖАМКнын бардык кызматкерлерине, аскер кызматчыларына жана
жумушчуларына кызматтык жана жеке маселелер боюнча чет өлкөгө чыгууга, анын
ичинде өргүүдө жүргөн учурларда да;

– атайын буйрукка чейин соттолгондорго жолугушуу берүүгө;

– соттолгондордун сырттан келүүчү посылкалар аркылуу бат бузулуучу азык-
түлүктөрдү алуусуна (дары-дармектен, гигиена каражаттарынан тышкары).
Мындан тышкары, соттолгондорду жана соттолуучу адамдарды жерден-жерге
ташыганга убактылуу чектөө салуу каралууда.

Ар күнү, эртең менен жана кечинде ЖАМКнын бардык мекемелеринде тийиштүү
дезинфекция иш-чаралары гипохлатита-кальциясын колдонуу менен жүрүп турат.

Бүгүнкү күндө ЖАМКнын мекемелеринде жалпысынан – 9 597 адамдар
кармалууда (соттолуучулар жана соттолгондор).

ЖАМКнын медициналык кызматынын түзүмүндө 13 медициналык-санитардык бөлүк, 4 ден соолукту чыңдоо пункту жана 535 орунга ылайык 2 стационарных дарылоочу мекеме (№31 жана №47), өздүк курамга жана алардын үй- бүлөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүүчү бейтапкана/госпиталь бар.

ЖАМКнын мекемелериндеги медициналык бөлүмдөрүндө жана
бейтапканаларында коронавируска шектүү адамдарга байкоо салуу үчүн палаталар
даярдалды. Ошондой эле, кызматкерлер үчүн ЖАМКнын ооруканасында дагы атайын палаталар даярдалды.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында дезинфекциялык каржаттар, коронавирустун белгилерин айыктыруу үчүн дарылар, антибиотиктер, жөтөлгө каршы дарылар жана витаминдер жетиштүү санда бар. ЖАМКда борбордук базанын
запасында кальций гипохлорид жана медициналык маскалар бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: