Таажывируска чалдыккан аялдын 1 жашка чыга элек ымыркайынан 3 жолу анализ алынган. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымы боюнча, ымыркайдан контролдук 3 жолу изилдөөлөр өткөрүлгөн. Жыйынтыгында ымыркайдан таажывирус тастыкталган жок.
Учурда Кыргызстанда жалпы 42 адамда таажывирус аныкталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ