Таажывирусту жуктуруп алган жаш балдардын абалы канаттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Ал бүгүн, 24-мартта Кыргызстанда 26 адамдан таажывирусу аныкталганын белгиледи. Алардын 16сы Сауд Арабиясынан умрадан келишкенин, калган 12си алар менен байланышта болгонун айтты.
“Таажывирусту жуктуруп алгандардын арасында 1 жашка чыга элек ымыркай, 6 жашар бала жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Алардын абалы канаттандырарлык” – деди Айнура Акматова.
Учурда Кыргызстанда жалпы 42 адамда таажывирус аныкталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ