Menu

Видео – Айнура Акматова: “Бир жаш бөбөктүн энесинен коронавирус табылды, ал эми бөбөктөн 3 жолу изилдесек да табылган жок”

Бөлүшүү:

“Бүгүн, 24-мартка карата Кыргызстанда 26 жаңы коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдар катталды. Ошону менен Кыргызстан боюнча жалпысынан 42 коронавирустук бейтаптар тастыкталды. Бул пациенттер бүгүнкү күндө Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, Бишкек шаарында дарыланып жатышат. Андан сырткары Оштогу клиникалык ооруканасында, Ноокаттагы аймактык ооруканада, Жалал-Абаддын областтык клиникалык ооруканасында жана Баткендеги клиникалык облустук ооруканада дарыланып жатышат”, – деп билдирди бүгүн, 24-мартта республикалык штабдын онлайн-брифингинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова.

“Пациенттердин арасында 2 бир жашка чейинки балдар дарыланып жатышат. Бир баланын энесинен коронавирус чыкты, бирок баласынан чыккан жок. Жаш бала болгондуктан атайын 3 жолу контролдук изилдөөдөн өткөрдүк, анын лаброториялык изилдөөлөрү ооруну тастыктаган жок. Андан сырткары бир 6 жаштагы жана 14 жаштагы балдардын коронавирусу тастыкталды. Калган жарандардын жаштары 16 жаштан 86 жашка чейин. Мен айткан бүгүнкү 26 адамдын: Сузак районунан 9 адам, Ала-Бука районунан 2, Кара-Суу районунан 8, Ош шаарынан 1, Ноокат районунан 6 учур тастыкталды”, – деди Айнура Акматова.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: