Коменданттык саат киргизилгенден учурда жарандар сыртка 3 гана себеп менен чыгууга болот. Бул тууралуу 24-мартта брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Ал коменданттык саат киргизилгенден кийин (20:00дөн 7:00гө чейин) көчөгө чыгууга тыюу салынганын белгиледи.
“Күндүзү саат 7:00дөн 20:00гө чейин жарандар 3 себеп боюнча гана көчөгө чыга алат. Дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек , дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу үчүн гана чыгы алышат” – деп билдирди.
Белгилей кетсек, Өзгөчө абал режими мезгилинде ишке тартылган кызматкерлер үчүн гана чектөө жайылбайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ