Menu

Кечээ 2014 киши үй карантинине чыгарылган, бүгүнкү күндө 585 адам обсервациялоо жайларында жатат

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-мартта обсервациялоо жайларынан 2014 киши үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымы боюнча, бүгүнкү күндө 585 адам обсервациялоо жайларында жатат. Ал эми 2014 адамдын лабораториялык изилдөөлөрү тастыкталбагандыктан, эпидемиологиялык анализдин негизинде обсервациялоо жайларынан үйлөрүнө чыгарылган.

“Үйгө кетирилген жарандар сөзсүз түрдө карантинди сакташ керек. Үйүндө атайын өздүк гигиенаны сактап, эгерде жөтөл, денесинин табы көтөрүлсө, өзүн начар сезсе, анда жергиликтүү үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлерине кайрылышы керек. Же 118, 112 номерлерине кайрылса, аларга медициналык кызматкерлер келип, текшеришет” – деди Айнура Акматова.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: