Бүгүн, 25-март саат 15:00гө карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алган дагы 2 адам катталды. Бул тууралуу өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
“Алардын бири 1960-жылы туулган Бишкектин тургуну, Испаниядан келген чет элдик жаранды аэропорттон тосуп алып Бишкекте коштоп жүрүп, кайра Испанияга узатып койгон. Азыр ал кетип калган испан жараны тураалу маалыматты Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна билдирдик. Ал эми экинчиси 1985-жылы туулган жаран Чүй облусунун Москва районунун тургуну, Дубайдан 20-март күнү учуп келген. Экөөсү тең эркектер”, – деп кошумчалады Айнура Акматова.
Учурда Кыргызстан боюнча таажывирусун жуктуруп алгандардын саны 44кө жетти. Алардын ичинен:
Ош облусунда – 20 адам
– Жалал-Абад облусунда – 19 адам
–Бишкек шаарында – 3 адам
–Чүй облусунда – 1 адам
–Баткен облусунда – 1 адам
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ