Menu

Коменданттык саат киргизилгенден кийин жаран 10-15 мүнөт кечигип калса эмне болот? – Коменданттын жообу

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-мартта саат 20:00дөн саат 7:00гө чейин Бишкек жана Ош шаарларынын, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын, Ноокат, Сузак районунун, Ош облусунун Кара-Суу районунун аймактарында коменданттык саат киргизилет.Коменданттык саат 15-апрелге чейин күн сайын киргизилет.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев коменданттык саат киргизилгенге чейин адамдар үйүнө кирүүгө жетишпей калса, ал менен сүйлөшүү иштери жүрө турганын, 10-15 мүнөт кечиккен жарандар жоопкерчиликке тартылбай турганын айтты.

“Эгерде ал жаран каршылык көрсөтпөсө, кечиккен себебин түшүндүрсө, соо абалында болсо, анда биз ага үйүнө жетүү үчүн жардам беребиз” – деп билдирди Алмазбек Орозалиев.

Ал муну менен катар коменданттык сааттын эрежелерин бузбоого чакырды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: