Кечээ, 24-мартта мобилдик бригаданын медиктери ар кайсы өлкөлөрдөн келген 64 кишиге көзөмөл жүргүзүп, алардын 51и алгачкы жолу, 13 киши кайрадан текшерилди.
Бригаданын курамында Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан 1 дарыгер жана 1 эпидемиолог бар, алар өздүк коргоочу каражаттар, уюлдук байланыш менен камсыз болушту.
Аларга компьютер жана керектүү жабдыктар менен камсыздалган иш бөлмөлөр уюштурулду.
Бишкек шаарынын мэриясы мобилдик бригадалар үчүн айдоочулары менен 10 автоунаа берди жана күйүүчү майлары менен камсыз кылды.
“Мобилдүү бригадаларды киргизүү ресурстарды натыйжалуу колдонууга, медицина кызматкерлеринин оорулуулар менен болгон байланышын минималдаштырууга жана жергиликтүү ҮМБнын дарыгерлеринин ишин жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк берет”, – деп белгиледи медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраева.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ