Кечээ, 25-мартта саат 20:00дөн саат 7:00гө чейин Бишкек жана Ош шаарларынын, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын, Ноокат, Сузак районунун, Ош облусунун Кара-Суу районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымдаган.
Бүгүн, 26-мартта Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, коменданттык саат күчүнө киргенден кийин Бишкекте бир катар мыйзам бузуулар болгон. 4 саат аралыгында борбор калаада 160 мыйзам бузуу фактылары катталды. Эрежени бузгандар Бишкек шаарындагы райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген.
Коменданттык саат 15-апрелге чейин күн сайын киргизилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ