Menu

Түндө коменданттык сааттын эрежелерин бузган 320 жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарына Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 20.00 эрте мененки 07.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 320 жаран жеткирилди, 9 автоунаа токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 193, Ош шаары боюнча -25, Жалал-Абад шаары – 10, Сузак району боюнча – 26, Ноокат району боюнча – 11 жана Кара-Суу районунда – 55. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: