“Медиктерди беткаптар, сактануучу кийимдер менен жабдуу боюнча биз күндө эле кайталап айтып жатабыз, бирок, дүйнөнүн 197 өлкөсү бул коронавирус илдети менен жабыркап оллтурат. Биздин өлкөдө 44 учур катталып жатса. айрым бир өлдкөлөрдө бир күндө 300 учур катталып жатат. Ар бир өлкө бүгүн беткаптарга, жеке коргонуучу каражаттарга муктаж болуп олтурат. Чек аралар жабылып калды. Ошондуктан бизде да беткап чыгаруучу ишканалар пайда болду. 23-мартта Өзбекстандан 1200 таажывирустан коргонуучу каражат алып келип, Ош менен Жалал-Абадга тараттык”, – деп билдирди бүгүн, 26-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ