“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда таажывирусуна шектелип жаткырылган бейтаптардын ичинен өзүн жакшы сезип, сакайган 34 киши үйлөрүнө чыгып кетишти. Ооруканадагы 122 адамдын абалдары канааттандырарлык. Ал эми 6 жаран оор абалда жатышат. Орточо оор абалда 10 адам дарыланууда. Ооруканадан чыгарылган 34 адамда таажывирус такталган эмес, бирок грипп, ОРВИ тастыкталып, дарыланып өздөрүн жакшы сезип чыгып кетишти”, – деп билдирди бүгүн, 26-мартта Айнура Акматова.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ