Москвада таажывирус илдетин жуктуруп алгандардын саны бир сутка ичинде 182ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, азыркы тапта Москвада жалпы вирус жуктуруп алгандардын саны 840 адамды түзөт. Андан 9 адам толугу менен айыгып чыкты, ал эми 2 адам каза болгон.
Дүйнө жүзү боюнча 472 миңден ашык адам вирусту жуктуруп алган. Алардын 21 миң 300 адам көз жумса, 114 миң адам оорудан сакайган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ