Menu

Кубатбек Боронов: Биз үчүн ар бир күн жана ар бир саат маанилүү, кымбат, ошондуктанбардык маселелер жеринде токтоосуз чечилүүгө тийиш

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйында белгиленгендей, өткөн суткада алгачкы коменданттык саат учурунда Кыргызстан боюнча 320 жаран киргизилген тартипти бузушкан.

Республика боюнча 391 пост иштеп жатат. Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдери киртизилген шаарларда жана райондордо бардык зарыл болгон коопсуздук жана тартип чаралары күчөтүлдү.

Биринчи вице-премьер-министр жарандар үйлөрүндө болуусуна максималдуу түрдө жетишүү зарылдыгын баса белгиледи.

Штабдын мүчөлөрү белгилешкендей, азык-түлүк жана медициналык дары-дармектерди ташуулар тиешелүү органдар тарабынан эч кандай тоскоолдуксуз өтүшү керектигин айтышты. Алар үчүн «жашыл коридор» түзүлөт.

«Комендатураларга караштуу колл-борборлор калкка чектөөлөр жана жаңы тартиптер тууралуу сапаттуу жана жеткиликтүү түшүндүрүш керек. Элге кабыл алынган өзгөчө чараларды түшүндүрүү маанилүү. Республика үчүн ушул оор күндөрү бардык бизнес процессти  оптималдаштыруу маанилүү. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары чыгып жаткан маселелерди токтоосуз чечүү зарыл. Негизи согуш маалында тажрыйба топтолуп, жумуштун ыкмалары иштелип чыгат, анын негизинде жеңишке жетишет. Биз дагы өз тактикабызды иштеп чыгып, тажрыйба алып, биргелешкен аракеттер менен абалдын туруктуулугуна жетишүүбүз керек. Бизге ар бир күн, саат жана мүнөт маанилүү», – деди Кубатбек Боронов.

Жыйында иштеп жаткан стационардык жана көчмө лабораториялардан тышкары, жеке менчик компаниялардын лабораториялары иштери, ошондой эле тесттерди өткөрүү боюнча жумуштарды тездетүү максатында ветеринардык лабораториялардын базалары пайдаланылары айтылды.

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн атайын эсепте чогулган каражатты бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлдү.

Келген гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлүүдө.

Штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга посттордо, медициналык мекемелерде тартылган кызматкерлерди тамак-аш, жеке коргонуучу каражаттар, унаа менен камсыздоо маселесин толук чечүү тапшырылды.

Өлкө боюнча орнотулган посттордо тартылган адистердин санын жөнгө салуу керек. Республиканын аймактарын жетиштүү көлөмдө каржылап, дары каражаттары жана азык-түлүк продуктулары менен камсыздоо зарыл.

Мындан тышкары кыргыз-кытай чек арасы аркылуу унаа каражаттары менен жүк ташууну активдештирүү маселеси каралды. Тиешелүү мамлекеттик органдарга бул процесстин механизмдерин жана алгоритмин иштеп чыгуу тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: