Өзгөчө абал учурунда өздүк автоунаа менен дарыканага, дүкөнгө же ооруканага барууга болот. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдайт.
Алардын айтымы боюнча, коменданттык саат (20:00дөн 07:00гө чейин) киргизилгенден кийин жеке унаа менен жүрүүгө тыюу салынган.
Жөнөкөй жарандар үйдөн сыртка чыгар маалда маршруттук баракчасын толтуруу керек.
Ошондой эле, жарандарда өздүгүн тактоочу документ болушу зарыл.
“Жөө жүргүнчүлөрдү ташыган шаардык жана жеке таксисттердин ишмердиги токтотулат. Эрежелерди бузган таксисттер административдик жоопко тартылат” – деп айтылат маалыматта.
Аталган эрежелер өзгөчө абал киргизилген аймактардын барлыгына тиешелүү.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда таажывирусун жуктуруп алгандардын саны 44кө жетти. 25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна Өзгөчө абал тартиби жана коменданттык саат киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ