Кечээ, 26-мартта мартта коменданттык саат убагында, саат 20:30 чамасында унаадагы мас жигиттер милицияга баш ийбей качышкан, милиция табелдик тапанча менен асманга ок атып, аларды кармашкан. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Ички иштер министрлигинин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев брифингде билдирди.
“Лев Толстой жана Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишинде турган блок-постундагы милиция кызматкерлери Тойота Виндом үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Бирок унаа токтобой, Дэн Сяопин П.Лумумбу көчөлөрүнүн кесилишине чейин качып барган. Милиция кызматкерлери аларды артынан кууп барып, токтотушкан. Унаанын ичинде азиат улутундагы 25-30 жаштагы 2 жигит мас абалында болгон. Алар каршылык көрсөткөн маалда милиция кызматкерлери эскертүү иретинде, табелдик тапанчасы менен асманга 2 жолу ок аткан. Андан кийин гана мас абалдагы жарандар баш ийип, кармалган” – деди Алмазбек Орозалиев.
Алар Бишкек шаарынын тургундары экенин аныкталып, Ленин РИИБне жеткирилип, Кылмыштардын жана бирдиктүү реестрине 355-беренеси (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) менен катталып. териштирүү иштери жүргөн.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ