Menu

Видео – Түндө Бишкекте коменданттык сааттын эрежелерин бузган 146 адам кармалды

Бөлүшүү:

Түндө Бишкекте коменданттык сааттын эрежелерин бузган 146 адам кармалды. Бул туралуу бүгүн, 27-мартта брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымы боюнча, кармалгандардын 133ү эркек, ал эми 13ү аял.

Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарындагы коомдук коопсуздук туруктуу жана кырдаал көзөмөлдө экенин белгилеп өттү.

Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту сактоо максатында 117 тосмо-бекет коюлган. Анын ичинен: чоң тосмо-бекеттер – 15, санитардык-карантиндик пост – 26, кичине тосмо-бекеттер – 76. Ошондой эле шаардын 4 районунда жөө патрулдар иштеп жатышат. Ленин району – 20, Свердлов району – 15, Октябрь району – 30 жана Биринчи май району – 25 кызматкер.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: