Бүгүн, 27-мартта Бишкек шаарынын коменденты брифингде элге кайрылып, жарандарды үйүнөн чыкпоого үндөдү.
Ал өзгөчө кырдаал учурунда жөнөкөй жарандар 3 гана себеп менен, дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек , дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу үчүн гана чыга алыша турганын эскертти.
“Өзүңүзгө жана башкаларга коркунуч келтирбеңиз” – деп белгиледи комендент.
Белгилей кетсек, 25-марттан тарта Кыргызстандын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ