26-марттан 27-мартка караган түнү, коменданттык сааттын экинчи күнүндө эрежелерди бузган 44 жаран кармалды. Бул тууралуу брифингде Ош шаарынын, Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымы боюнча, коменданттык сааттын эрежелерин бузган жарандар райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жана комендатураларга жеткирилген.
“Ош шаарынан – 22, Кара-Суу районунан – 20, ал эми Ноокат районунан – 2 жаран кармалган. Бул көрсөткүч бир аз болсо да, эл коменданттык саатта чектөөлөр киргизилгендигин толук түшүнө баштагандыгын кабарлайт” – деп билдирди комендант.
Ал ошондой эле, Ош облусунун аймагында коомдук коопсуздук, саясый кырдаал туруктуу экенин, комендатуранын көзөмөлүндө экенин белгиледи.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ