Кечээ, 26-марттан 27-мартка караган түнү генерал-майор Замир Молдошевдин уулу Эрнест Молдошев мас болуп алып милициялар менен мушташкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
“Укук коргоо кызматкери унаасын тартипти бузуп жатканы үчүн токтоткондо, айдап кетип калган. Артынан кууп кармаган милицияларды ИИМден иштен айдатам деп коркутуп муштум менен көзгө согуп, тепкилеген. Бирок көптөп кармап тергөөгө алып келишкен. Учурда ал үй камагына алынып, көзүнө муш жеген милиционер жигит ооруканада жатат. Унаа айып короого токтотулду”- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Эрнест Молдошев Жогорку Кеңештин Эл аралык коргоо комитетинин башчысынын орун басары болуп эмгектенет.
Генерал Замир Молдошев 2000-2001-жылдары жана 2007-2009-жылдары КР Чек ара кызматын жетектеген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ